Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

ЕБ лидерлери бюджет жана экономикалык жардам тууралуу макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселдеги жолугушуунун төртүнчү күнүндө, узакка созулган талаш-тартыштан кийин бюджет жана экономикалык жардам боюнча орток пикир табышты. Ошондой эле уюмдун кийинки жети жылга белгиленген 1,1 триллион бюджети тууралуу да мунасага келишти.

Саммитке төрагалык кылып жаткан Европа Кенешинин жетекчиси Шарль Мишель "Твиттердеги" баракчасына "Келиштик!" деп кыска сүйүнчүлөдү. Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул учурду "Европа үчүн тарыхый күн" катары сыпаттады.

Макулдашууга ылайык, Европа Биримдиги чогулткан 750 миллиард евронун 390 миллиарды коронавирус пандемиясынан көп жабыркаган өлкөлөргө кайтарымсыз грант түрүндө берилет. Ал эми калган 360 миллиарды карыз катары бөлүштүрүлөт.

Буга чейин Нидерланд, Австрия, Швеция жана Дания өңдүү мамлекеттер гранттын көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуу керектигин айтып жатышкан жана бул талаштын негизги өзөгүн түзгөн.

XS
SM
MD
LG