Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Орусияда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт


"Өлбөс полк" жүрүшүнө Владимир Путин дагы катышып келген.
"Өлбөс полк" жүрүшүнө Владимир Путин дагы катышып келген.

Орусия быйыл Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду жана катышкандарды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрбөйт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 20-июлда аннексияланган Крымдагы Керч кысыгында "Залив" кеме куруу заводунун жумушчулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Путин Улуу Жеңишке арналган парад, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өлкөдө коронавирус пандемиясынын жайылышына таасир этпегенин айтып, бирок "Өлбөс полк" жүрүшүндө социалдык аралыкты сактоо өңдүү талапты аткаруу мүмкүн болбосун белгиледи. Ошондуктан бул иш-чараны эмдиги жылы "кеңири масштабда өткөрүүнү" убада кылды.

Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшү 26-июлга белгиленген болчу.

Быйыл орус бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдык мааракесин ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Коронавирус пандемиясынан улам Москвадагы парад 9-майда эмес, 24-июнда өттү.

Орусияда коронавирусту 783 миңден ашык киши жуктуруп алды. 12,5 миңден көп бейтап көз жумду.

Өлкөнүн ыкчам штабы расмий статистикага коронавирус болуп ооруган бейтаптардын баарынын өлүмүн эмес, COVID-19 болгон деп тастыкталгандарды гана кошуп жатат.

XS
SM
MD
LG