Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Активист Рыскулбеков: Президент менен жолугушууга бийликти мактагандар катышкан жок


Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар менен 21-июлда өткөн жолугушуусу эки сааттан ашык убакытка созулду, ага 12 адам катышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жолугушуунун катышуучусу, активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков айтып берди.

Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууга журналисттер катышкан жок.

Рыскулбеков Жээнбеков ыктыярчылардын айрым суроолоруна жооп берсе, кээ бирлери жоопсуз калганын, бирок, ошондой болсо да элдин маанайын жеткирүүдө бул жолугушуу пайдалуу болгонун белгиледи.

Ошону менен катар ал "бийликти өтө мактай тургандар" болбогонун айтты:

"Эч кандай цензура же сөз тандап сүйлөө болгон жок. Жеке пикиримде, бийликти өтө мактаган, "укмуш сонун иш кылып жатасыңар, силерди колдойбуз" деген бир да ыктыярчы болгон жок".

Рыскулбеков өзү беш суроо узатканын, Президент аларга жооп берип жатып, сырттан келген жардам тууралуу отчет ачык жарыяланып турарын, ыктыярчыларды Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга мүчө катары кошуу демилгесин колдорун, "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол коер-койбосун жакында айтарын, коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнү жарыяланарын айтканын билдирди. Ал эми бийликтин эпидемиянын оор кесепетин азайтууга даярдыгы толук болбогону жөнүндө суроосу жоопсуз калганын айтты.

Мындан тышкары президент менен жолугушууда ыктыярчылар сырттан ташылып келип жаткан жардам үчүн бажы жана салык жеңилдиктерин берүү, мамлекеттик аппараттын бюджетин кыскартуу, ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдоо маселелерин көтөрүп, активисттерди жана медициналык кызматкерлерди кечирим суратып, УКМКга чакыртууну токтотуу талабын коюшту.

Дарыгерлердин айлык маянасы, банкка карызы бар адамдарга насыя төлөөдө жеңилдик берүү, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу да айтылды.

Ыктыярчылар менен мындай жолугушууларды кеңири форматта, балким, онлайн уюштуруу тууралуу сунуш болду.

Рыскулбеков ыктыярчылар президенттик аппараттын ишине элдин берген баасы "-2" деп айтышканын кошумчалады.

Президент Жээнбеков ушундай жолугушууларды алдыда дагы уюштурууга жана бүгүнкү катышуучуларды мындай жыйындардын өзөгүн түзүп берүүгө чакырганын айтты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 28 251 адамга жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты, 1 079у каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG