Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

Украина: Луцк шаарында куралчан адам автобус жүргүнчүлөрүн барымтага алды


Луцк шаары.
Луцк шаары.

Украинанын батышындагы Луцк шаарынын борборунда куралчан киши автобустагы жүргүнчүлөрдү барымтада кармап турат.

Волын облусунун полициясы алдын ала маалыматтарга таянып ал адамдын жанында курал жана жардыруучу зат болушу мүмкүн экенин билдирди. Күч органдары "облуста ыкчам операция жүрүп, шаардын борбору курчоого алынды, окуя болгон жерде полиция иштеп жатат" деп кабарлады.

Автобуста 20дай адам болушу мүмкүн. Полициянын облустук башкармалыгынын жетекчиси Юрий Крошко ыкчам операцияга антиттеррор борборунун өкүлдөрү тартылганын кошумчалады. Ал автобустагы адам ок чыгарып жатканын айтты.

"Общественное" басылмасы жүргнүнчүлөрдү барымтага алган киши укук коргоо органдарына өз шарт-талабын айтканын, сүйлөшүү жүрүп жатканын жазды. Куралчан адам кайрылуусунда "Антисистема күнү менен куттуктайм" деп жазган жана дагы бир бомба эл көп топтолгон жайга коюлганын эскерткен. Аталган басылма куралчан киши өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына Украинадагы системага нааразы болгон билдирүүлөрдү жазып жүргөнүн билдирди.

Ал укук коргоо органдарына кандай талап койгону азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG