Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

COVID-19: Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланат


Өлүккана. Иллюстрациялык сүрөт.
Өлүккана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдиргенин "Азаттык" радиосуна активист Эркин Рыскулбеков айтып берди:

"Кесиптешибиз Венера Жуматаева кечээ "Фейсбуктагы" баракчама пикир калтырды эле. Ошол инсандын да өтүнүчү боюнча айттым. "Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Жалпы ковидден каза болгон инсандар боюнча жакынкы күндөрү Аза күтүүнүн улуттук күнүн жарыялоо керек" деген сунушум бар эле. "Ооба. Жакынкы күндөрү жарыялайбыз" деп сөз берди".

21-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Рыскулбеков суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу эки сааттан ашык убакыт созулганын, ага 12 ыктыярчы катышканын айтты.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Ошондон бери бул илдеттен, расмий маалыматка караганда, 1079 адам көз жумду. Арасында өлкөнүн ар кыл тармактарынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон көптөгөн инсандар бар. Жалпысынан бул инфекция 28 251 кыргызстандыкка жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG