Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Финпол өлүкканадагы опузалап акча алуу боюнча териштирүү баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюронун өлүкканасындагы опузалап акча алуу тууралуу маалыматка байланыштуу иш козголду. Бул жөнүндө 21-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы сотко чейинки териштирүүнү маркумдун сөөгүн ачпастан өткөрүп берүү үчүн жакындарынан акча опузалоо фактысынын негизинде жүргүзүп жатат.

Иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин "Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу" деген 238-беренеси менен каттоого алынды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Бишкекте күндүзгү стационарда каза болгон жакынын алып кетиш үчүн өлүккананын кызматкери 300 доллар талап кылганын айтып берген адам тууралуу маалымат чыккан.

Бишкекте эки өлүккана бар. Экөө тең Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аймагында жайгашкан. Бирине (патологоанатомиялык) ооруканада көз жумгандарды алып барышат. Экинчиси Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюрого карайт.

Паталогоанатомиялык өлүккананын жетекчилиги журналисттерге билдиргендей, коронавирустан каза болгондордун сөөгү, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, сөзсүз ачылып, текшерилет, бирок бул жайга күндүзгү стационарда көз жумгандар кабыл алынбайт.

Ооруканада орун жетишсиз болгондуктан Бишкек шаарынын бийлиги күндүзгү стационарларды ачкан. 4-июлдан бери ал жайларда тогуз бейтап үзүлгөнү расмий айтылган.(RK)

XS
SM
MD
LG