Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Боронов: Жакын арада Индиядан 8 тонна дары келет


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигин коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары-дармектеринин жана медициналык жабдуулардын тизмеси жаңыртылганын билдирди. Ага 56 дары-каражатынын жана 59 медициналык буюмдардын аталыштары кирди.

Өкмөт башчы дары-дармектердин тартыштыгы жөнүндө айтып, айрымдары бир дарыканада болсо, экинчисинде жок болуп калып жатканына токтолду. Таңкыстыкты чечүү үчүн жакын арада дагы чет өлкөлөрдөн дары алынып келинерин кабарлады.

«21-июлдан тартып Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган Шанхай-Бишкек каттамы менен 42 920 таңгакча эноксапарин жана 33 000 партия надропарин алынып келет. Жакынкы күндөрү Индиядан дагы 8 тонна дары-дармек келет. Айдын аягында дагы 25 миң таңгакча гепарин, 10 миң флакон цефепим, 36 миң цефтазидим келиши күтүлүүдө. Августтун башына 30 миң флакон цефепим, 75 миң таңгак гепарин алынып келет», - деди Боронов.

Ал ошондой эле айдын аягына чейин дагы бир канча препараттар алынып келинерин кошумчалады.

Өкмөт башчы мындан сырткары бул күндөрү өлкөдө кычкылтек концентраторлорунун жана жасалма дем алдыруучу аппараттарынын жетиштүү экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда өлкөдө 2250 кычкылтек концентраторуна муктаждык болсо, анын саны 3041. Жакын арада дагы 500 даана алынып келинмекчи.

Соңку айда коронавирус менен ооругандардын саны кескин көбөйүшү менен дарыканаларда дары-дармектердин тартыштыгы байкалган. Мурда арзан препараттардын наркы көтөрүлүп кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG