Тажикстанда бийлик апрель-май айларында, коронавирус пандемиясы маалында дары-дармек баасын негизсиз эселеп жогорулатканы үчүн жүздөгөн дарыканага административдик иш ачты. Бирок фрамацевтикалык компаниялар күнөөлүү эмес экенин, эпидемия маалында коронавируска каршы препараттардын дүң наркы жогорулап кеткенин айтып жатышат.
Расмий Дүйшөмбү өлкөдө коронавирус бар экенин март айынын аягында гана ырастаган. Ошондон кийин эле дары-дамектин баасы эселеп өсүп кеткен.
Тажик бийлиги дары-дармек ташыгандар жана дүңүнөн саткандар да жазалаганын, айрымдары дисциплинардык жазага тартылып, кээ бирлерине айып салынганын билдирди.
Расмий маалымат боюнча бул өлкөдө соңку бир күндө коронавирус 44 адамдан аныкталды. Бир айга жакын убактан бери Тажикстанда күн сайын COVID-19 жуккан 40-50дөй учур катталып жатат. Ооругандардын жалпы саны 6878ге жетти, 44 бейтап көз жумду.