Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Орусиядан 100дөй кыргызстандык курсант кайтып келди


Кыргыз жоокерлери. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация.
Кыргыз жоокерлери. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация.

Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык 91 курсант жана төрт адъютант атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

18-июлда курсанттарды ташып келген каттам Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аракети менен ишке ашырылган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде абал турукташканга чейин билим алуу жана аттестациядан өткөрүү дистанциондук технологияларды колдонуу менен ишке ашат.

Буга чейин Орусиянын аскер окуу жайларында окуп жаткан 500дөн ашык курсант Кыргызстанга алып келинери айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG