Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Коррупция жөнүндө айтып жүргөн офицер Талгат Аланов көз жумду


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон офицер Талгат Аланов 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын жакындары маалымдады. Алардын айтымында, Талгат Аланов күтүүсүз жерден дартка чалдыгып, ооруканага жетпей көз жумган. Азырынча анын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып чыккан. Офицердин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG