Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Ош ИИБ: аракеч үй-бүлөнүн үч айлык баласы мамлекеттин камкордугуна алынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош шаарында атасы 31, апасы 27 жаштагы үй-бүлөнүн үч айлык ымыркайы балдар үйүнө өткөрүлдү.

Милиция жана социалдык коргоо кызматы ата-энеси ичимдикке берилип кеткени үчүн ымыркайды "үйдө тарбиялоого болбойт" деген чечим чыгарган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, буга чейин үй-бүлөнүн тогуз жана төрт жашар балдары дагы ушундай эле себеп менен мамлекеттин камкордугуна алынган.

Ош шаардык милициясы тийиштүү органдар менен балдарга камкордук көрө албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандагы интернаттарда 12 миңдей бала тарбияланат. Алардын 10% томолой, калганы тирүүлөй жетим. Ар кандай изилдөөлөрдө балдардын тирүүлөй жетим калышы ата-энелеринин оор турмуш-шартына байланыштуу болору айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG