Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:33

Чек ара кызматы: Аланов жүрөгү токтоп каза болгон


Талгат Аланов Бишкек шаарында маалымат жыйын куруп жаткан учуру.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон офицер Талгат Алановду жүрөгү токтоп каза болгонун билдирди.

«Чек ара кызматы оор жоготууга учурады — арабыздан эки аскер кызматкерибиз каза болгонун терең кайгыруу менен билдиребиз. Полковник Көкчө Жакыпбеков пневмониядан каза болуп, экинчи офицерибиз, подполковник Талгат Аланов кезектеги өргүүдө жүргөн жеринен алдын ала алынган маалыматтар боюнча жүрөгү токтоп каза болду», — деп жазылган маалыматта.

Мекеме каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жазган.

Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановдун жакындары 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдиришкен.

Ал 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып чыккан. Офицердин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG