Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Өкмөт эмне үчүн буга чейин оорукана салбаганын түшүндүрдү


Убактылуу стационарда тартылган сүрөт
Убактылуу стационарда тартылган сүрөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы онлайн брифингде буга чейин жаңы оорукананын салынбаганын “мамлекеттик абалына жараша өз жолубуз менен кеттик” деп түшүндүрдү. Өкмөт башчы мурдагы "Ганси" аба базасында ачылган "Семетей" обсервациясын госпитал кылып даярдоо туура чечим болгон деп эсептейт.

“Кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде 1000 орундуу оорукана салды. Аны көрүп турдук. Бирок, мамлекетибиздин абалына жараша биз өз жолубуз менен баралы дедик. Бүгүнкү күндө "Семетей" обсервациясын заманбап госпитал кылдык”, - деди Боронов.

Пандемия күчөп турган июль айынын башында коомчулук жаңы оорукана салбаган бийликти кескин сынга алган. Ошол учурда бейтапканаларда орун жетпей айрым адамдар оорукананын короосунда көз жумган.

Учурда өкмөт Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул аптада башталат деп жарыялады. Ооруканалардын ар бири 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болот деп пландалып жатат. Республикалык штабдын 21-июлдагы отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG