2020-жылы Менделеев эл аралык олимпиадасы Будапешт шаарында (Венгрияда) өткөрүлмөк. Бирок, пандемияга байланыштуу сынак онлайн өткөрүлдү. Ага катышкан кыргызстандык төрт окуучунун үчөө байгелүү орунга илинди. Бул тууралуу Билим жана илим министрлиги маалымдады.
Каракол шаарындагы Карасаев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Нурсултан Соодонбеков күмүш медаль тагынды. Ушул эле лицейдин окуучусу Кубанычбек Камиль коло медаль алды. Ал эми Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Камил Мамбетов дагы коло медалга татыды.
Жыл сайын өткөрүлгөн олимпиадага жыйырмадан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катышат. Эл аралык олимпиада химия сабагы боюнча өткөрүлөт. (TSh)