Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Мамлекеттик Дума ФСБ кызматкерлерин жумушу жөнүндө материалдарды жарыялоого тыюу салды


ФСБ имараты.
ФСБ имараты.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери жетекчинин уруксатысыз жумушу жөнүндө материалдарды жарыялоого тыюу салган мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума үчүнчү окууда кабыл алды.

Тыюу салуу азыр иштеп жаткан жана жумуштан кеткен бардык кызматкерлерге тиешелүү болот. Мыйзам долбооруна ылайык, жарыяланып кеткен учурда органдын коопсуздугуна коркунуч жана репутация шек келтириши мүмкүн болгон маалыматтардын купуялуулугу сакталууга тийиш.

Мындан сырткары ФСБнын ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга жарыялануучу материалдар “кесиптик сыр” боюнча атайын экспертизадан өткөрүлөт. Ал экспертизаны өткөрүү жол-жобосун Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси аныктайт.

XS
SM
MD
LG