Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Украин президенти барымтадагы адамдарды бошотуу үчүн кылмышка шектүүнүн талабын аткарды


Владимир Зеленский социалдык тармактарга жарыялаган видеосунан алынган сүрөт.
Владимир Зеленский социалдык тармактарга жарыялаган видеосунан алынган сүрөт.

Украинанын батышындагы Луцк шаарында барымтага алынган автобус жүргүнчүлөрдүн баары бошотулду. Бул тууралуу 21-июлда өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков билдирди.

Барымтадагы адамдар бошотулардан бир саат мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактарга 2005-жылы тартылган «Земляне» деген даректүү тасманы көрүүнү сунуштаган видео жүктөгөн. Бул видеону жарыялоо жүргүнчүлөрдү барымтага алган кишинин талаптарынын бири болгон. Ал адамдын жаныбарларды кордогондугу жөнүндөгү бул тасманы көрүүгө автобустун ичиндеги кишилерди да мажбурлаган.

Тасма социалдык тармактарга тарагандан кийин кылмышкер кош бойлуу келинди, улгайган аялды жана бир кичинекей баланы кое берген. Бирок андан кийинки сүйлөшүүлөргө карабастан, башка жүргүнчүлөр бошотулган эмес. Мындан улам күч кызматкерлери автобуска чабуул жасап, кылмышкерди колго түшүрүштү.

21-июлда Луцк шаарынын борбордук бөлүгүндө Берестечко айылынан Красниловка кыштагын көздөй бараткан автобустун 20 жүргүнчүсүн белгисиз киши барымтага алган. Кылмышкер автобуска жакындаган полиция кызматкерлерине ок атып, граната ыргыткан. Бирок ал жарылбай калган. Ал кимдир-бирөө жакындаса, автобусту жардырып жиберерин айткан.

«Волинських новин» басылмасынын маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдү буга чейин эки жолу соттолгон Максим Кривош аттуу жаран барымтага алган.

Unian сайты Кривош 2014-жылы Максим Плохой деген каймана ысым менен «Кылмышкердин философиясы» деген китеп чыгарганын жазды. Анда ал өзүнүн оор криминалдык жашоосу жөнүндө баяндап, өзүн кудайга салыштырган.

«Общественное» басылмасынын маалыматына караганда, кылмышкер буга чейин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына «Украинадагы системага нааразы болгон» билдирүүлөрдү көп жазган.

Луцк шаарында адамдардын барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Украинанын Кылмыш кодексинде бул кылмыш үчүн 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG