Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Нарында биринчи жолу соттук отурум онлайн өттү


Нарын облустук сотундага онлайн соттук кароо. 21-июль, 2020-жыл.

Нарын облустук сотунда биринчи жолу соттук процесстер Нарындагы №24 тергөө абагы менен онлайн тартибинде өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган соттук мекемеден кабарлашты.

Анда айтылгандай, соттук коллегия 21-июлда соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын апелляциялык даттанууларынын негизинде эки жазык ишин жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча бир ишти видеобайланыш аркылуу карады.

Жазык иштери боюнча соттук отурумдар бир жактоочунун ооруп калгандыгына, үчүнчү иштин жактоочусу жакында пневмониядан каза болгондугуна байланыштуу кийинки мөөнөттөргө жылдырылды.

Соттук мекеме бул аракеттер айыпталуучуларды соттук отурумдарга атайын транспорттор менен ташуу жана кайтаруу маселелериндеги түйшүктөрдү азайтып, аларга каралган материалдык чыгымдарды кыскартууга да шарт түзөрүн маалымдады.

Нарын облустук сотунан билдиришкендей, корановирус пандемиясынан улам, өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, абакта отурган, оор кылмыштар боюнча айыпталгандардын соттук отурумдары аймакта акыркы үч-төрт айдан бери токтоп турган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG