Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:18

Түркиядан 341 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди


«Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы менен келген кыргызстандыктар. 22-июль, 2020-жыл.
«Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы менен келген кыргызстандыктар. 22-июль, 2020-жыл.

Бүгүн, 22-июлда «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы менен Түркия Республикасынан 341 кыргызстандык Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ушул эле учак менен кайра Түркиянын Кыргызстандагы жарандары учуп кетмекчи.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн келе албай жаткан 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан кайтып келгендер. (ErN)

XS
SM
MD
LG