Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Кой-Таш окуясы боюнча соттук жараян келерки аптага жылды


Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы. 9-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 20-июлга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча отурум айыпталуучулардын алып келинбегени жана айрым адвокаттардын келбегени үчүн өтпөй калды. Бул тууралуу «Азаттыка» аталган соттук мекеменин басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Анын айтымында, келерки соттук жараян 27-июлга белгиленди.

Ушул эле иш боюнча мурдагы отурумдар да бир нече жолу ар кандай себептер менен белгиленген күнү болбой калган. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга айыбын угуза баштаган. Айрым жактоочулар пандемияга байланыштуу сот жараянын токтотуп турууну сунуштап келишкен.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны төгүндөп жүрөт. Ишти сот жабык карап жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG