Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Бишкек: Чоң дүкөндөргө кечки тогузга чейин иштөөгө уруксат берилди


Бишкектин мэри Азиз Суракматов.
Бишкектин мэри Азиз Суракматов.

Бишкектин соода борборлоруна жана супермаркеттерине кечки саат 9га чейин иштөөгө уруксат берилди. Мэриянын 22-июлдагы токтомуна ылайык, аянты 100 чарчы метрден ашык соода объектилери таңкы 7ден кечки 9га чейин иштесе болот.

Соода борборлорунун ичиндеги даяр тамак-аш сатылуучу жайларга уруксат азырынча жок экени, кафе-ресторандар санитардык талаптарды сактоо менен саат эртең мененки 10дон кечки 8ге чейин ишетесе болору, коомдук транспорттун буга чейин белгиленген иш тартиби ошо бойдон кала берери айтылды. Базарлар кечки 5ке чейин жабылууга тийиш.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу кезектеги чектөөлөр мэр Азиз Суракматовдун чечими менен 2-июлда киргизилген. Аларга ылайык, коомдук транспорт эртең менен саат 7ден 10го чейин, кечинде 5тен 9га чейин гана иштеп, дем алыш күндөрү иштебейт.

Соода борборлору эртең мененки 7ден кечки 7ге чейин гана иштеп жаткан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын жалпы саны 12 563 адам, алардын эң көбү Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто жана Чүйдө.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

Буга чейин айрым соода борборлору ишин убактылуу токтотушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG