Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Якутиялык бакшы Габышев психиатриялык ооруканадан чыкты


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Бул тууралуу юрист Алексей Прянишников "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын айтымында, Александр Габышев кайрадан психиатриялык экспертизадан өткөрүлгөн жана анын жыйынтыгы менен 22-июлда дарыгерлерден турган комиссия анын ооруканадан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

"Биздин аракеттерибизден майнап чыкты. Коомчулуктун колдоосу болбогондо, жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири жазбаганда ал ооруканада узак убакыт жатып калмак", - деди Прянишников.

Якутиялык бакшыны май айында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери үйүнөн кармап кетип, психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырышкан.

52 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй былтыр март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

Габышев сентябрь айында Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Якутиядагы полиция тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылганын билдирген. Бакшынын адвокаттары муну четке кагып, көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү талап кылышкан.

Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмышты токтотууну талап кылган петиция жарыялашкан.

Бакшынын укугун коргоп жаткан юристтер Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. Арызда Габышев Якутиядагы психоневрологиялык диспансерге күчтөп жаткырылганы, укуктары бузулганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG