Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:23

БШК соттун Абдрахманов жетектеген КСДП боюнча чечимине каршы арызданат


Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек административдик сотунун Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрүн парламенттик шайлоого карата каттоого милдеттендирген чечиминин үстүнөн шаардык сотко арыз менен кайрылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 22-июлда “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, шайлоо комиссиясы административдик соттун чечимине макул эмес:

“Биз өз чечимибиздин мыйзамдуулугун ырастоо үчүн аракет кылабыз. Учурда арыз даярдалып жатат”.

3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан.

13-июлдагы отурумунда Боршайком КСДПнын жетекчиси катары Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздарын караган. Анда эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим кабыл алынган.

Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов сотко арыз жазган болчу.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG