Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ Хьюстондогу консулдугун жабууну Кытайдан талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай АКШны алардын Хьюстондогу консулдугун жабууну "күтүүсүз талап кылып жатат"деп айыптады. Бээжин мындай чечимди кескин сынга алды жана бул эл аралык мыйзамдарды бузарын айтып, тиешелүү жооп кайтарарын эскертти.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь 22-июлдагы брифингде консулдукту 72 сааттын ичинде жабуу тууралуу Бээжинге шейшембиде гана кабарлашканын айтты.

"Кытай АКШны мындай туура эмес чечиминен чукул арада баш тартууга чакырат. Болбосо, Кытай буга жараша жана керектүү жооп кайтарат".

Ван ушул тушта консулдук адаттагыдай эле иштеп жатканын билдирди. Мунун алдында айрым жергиликтүү маалымат каражаттары дипломатиялык өкүлчүлүктүн короосунда документтерди өрттөп жатышканын жазып чыгышкан

Кытайдын Нью-Йоркто, Чикагодо жана Лос-Анжелесте дагы консулдуктары бар.

Вашингтон менен Бээжиндин алака-катышы быйыл бир катар маселелерден улам курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG