Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

COVID-19: "Росздравнадзор" "Авента-М" аппараттарын колдонууга уруксат берди


«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.
«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.

«Росздравнадзор» быйыл апрель айынан кийин жасалган «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонууга уруксат берди. Мекеме май айында бул аппараттар Москва менен Санкт-Петербург шаарларында коронавирус жугузуп алгандар дарыланып жаткан ооруканаларда өрткө себеп болушу ыктымал деген маалыматтардан улам аларды колдонууга тыюу салган болчу. Бул кырсыктарда алты киши көз жумган.

Ушул айдын башында "Росздравнадзор" ооруканаларда тутанган өрттүн "Авента-М" аппараттарынын ишиндеги кемчиликтерге "байланышы жок" деген корутунду чыгарган.

АКШда айрым штаттар Орусия берген «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартып, кайра кайтарышкан.

«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт. Март айынын аягында премьер-министр Михаил Мишустин Орусиянын ооруканаларын жасалма дем алдыра турган аппараттар менен жалгыз ушул концерн камсыздай турганын айткан. Завод күнүнө 100гө чейин аппарат жасай аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG