Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Жыл башынан бери бюджетке 14 млрд. сом түшпөй калды


Кыргызстандын улуттук валютасы.
Кыргызстандын улуттук валютасы.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстандын республикалык бюджетине 14 млрд. сом бажы жана салык төлөмдөрү чогултулбай калды. Бул тууралуу 22-июлдагы брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал буга негизги себеп катары башка өлкөлөрдүн чек арасынын жабылышынан улам жүк ташуучу автоунаалардын каттамынын кыскарышын жана жаздагы өзгөчө абал режимине байланыштуу бизнестин чектөөгө кабылышын белгиледи.

Өкмөт өкүлү бюджеттеги боштукту толтуруу үчүн кошумча резервдерди табуу боюнча атайын план иштелип чыкканын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд сом түшпөй калары алдын ала кабарланган. Өкмөт анын ордун эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатат.

10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат.

Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат. Алынган акчанын көбү бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG