Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Ооганстан: жолго коюлган бомбадан сегиз коопсуздук кызматкери мерт болду


Урузган провинциясы.
Урузган провинциясы.

Ооганстанда жолго катылган бомба жарылып, коопсуздук кызматынын сегиз өкүлү, анын ичинде үч жогорку даражалуу кызматкер мерт болду.

Полициянын билдиришинче, алар Урузган провинциясында Хас-Урузган районундагы аскердик базадан чыгып, жергиликтүү полиция бөлүмүнө баратышкан. Райондук полициянын башчысы Дал Гүл кол салууда дагы бир канча адам жарадар болгонун билдирди.

Бул райондогу жолдорду соңку сегиз жылдан бери "Талибан" куралдуу кыймылы көзөмөлдөйт. Мындан улам адатта бул аймактагы өкмөттүк күч түзүмдөрүнө керектүү жабдык, буюм-тайымдарды аба аркылуу жеткиришет жана көпчүлүк учурда аба аркылуу катташат.

Провинциянын губернатору Заргай Эбади жакынкы күндөрү окуя болгон аймакка кошумча күч жөнөтүлөрүн билдирди.

Мындан эки күн мурдагы бир катар чабуулдарда ооган коопсуздук кызматынын ондон ашык өкүлү ажал тапкан.

Кабул менен «Талибан» кыймылы дээрлик 20 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында көзмө-көз сүйлөшүүгө камынып жатат. Бирок ооган бийлиги бул топту акыркы жумалардагы ондогон жайкын тургундун, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн өлүмү менен аяктаган чабуулдар үчүн айыптап келет.

«Талибан» мындай чабуулдардын көбү үчүн жоопкерчилик алган эмес, бирок айрым аймактарда ооган коопсуздук күчтөрүн бутага алганын ырастаган.

Ооган президенти Ашраф Гани жоочулардын чабуулунун күчөшү «Талибан» менен тынчтык жараяны тууралуу сүйлөшүүгө «олуттуу кедергисин» тийгизерин эскерткен. Ал тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө карабай, быйыл былтыркыга салыштырмалуу зомбулук, кол салуу, чабуул күчөгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG