Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

Каримов: дезинфекциялоодон адам оорубайт


Кыргызстан. Дезинфекциялоо иштери. 22-июль, 2020-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов дезинфекция иштери Республикалык штабдын протоколу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Дезинфекциядан кийин “оору күчөп кетти” деген сөздөрдү четке какты.

“Ар бир партия хлор келгенде аны текшерүү үчүн санитардык кызматтын лабораторияларына беребиз. Алар сапатын жана курамын аныктап беришет”, - деди Каримов.

Буга чейин ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөрүн билдирген.

Интернетте социалдык тармактардын айрым колдонуучулары дезинфекциялоодон кийин булганган аба пневмониянын күчөшүн шарттап жатканын жазып чыгышкан.

Ушул күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча калк жыш жүргөн жерлерди өрт өчүрүүчү автоунаалар менен дезинфекциялап жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG