Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Чаткалда жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектеп курула баштады


Курулуштун башталышы. 23.07.2020
Курулуштун башталышы. 23.07.2020

Чаткал районунун Кайын-Суу айылында 150 орундукка ылайыкталган эки кабаттуу мектептин курулушу башталды. Пайдубалын түптөөгө арналган иш-чара бүгүн, 23-июлда жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.

Райондун акими Жуманалы Накетаев "Азаттыкка" билдиргендей, мектептин курулушу 54 миллион сомго бааланып жатат. Аны районду өнүктүрүү фонду каржылайт жана типтүү мектеп алдыдагы үч жыл аралыгында курулуп бүтөт.

60 орундуу азыркы Кайын-Суу орто мектеби 1986-жылы ашар жолу менен салынган. 2017-жылы мектеп имараты жараксыз деп табылган. Ага карабай бул мектепте азыр 157 бала билим алууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG