Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Кыргызстанга ташылып келе жаткан оң рулдуу автоунаалардын партиясы кармалды


Кыргыз-казак чек арасында кармалган оң рулдуу тогуз автоунаанын бири. Финансы полициясынын сүрөтү.
Кыргыз-казак чек арасында кармалган оң рулдуу тогуз автоунаанын бири. Финансы полициясынын сүрөтү.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» өткөрмө бекетиндеги текшерүү учурунда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан оң рулдуу тогуз автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) кабарлады.

Жеңил машинелер жүк ташуучу автоунааларга жүктөлүп келе жаткан жерден аныкталган. Транспорттордун документи автотетик катары жазылган. Иликтөө учурунда Жапониядан чыгарылган техникалар бүтүн абалда болгону жана жүрүүгө жөндөмдүү экени такталды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупциялык схема менен тыштан кирген оң рулдуу 10 автоунааны кармаган. Кылмышка шектүү катары «Унаа» ишканасынын бир кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кыргызстанда 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG