Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу макулдашылды


Донбасстагы абалды сүрөттөгөн карта. 22-июль 2020-жыл
Донбасстагы абалды сүрөттөгөн карта. 22-июль 2020-жыл

Украина, Орусия жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү Донбасста 27-июлдан тарта ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашты.

Украин президентинин кеңсеси "ок атышпоо эрежесин каршы тарап сактаса, Минск келишимин аткарууга жол ачыларын" белгиледи. Мамлекет башчы Владимир Зеленский былтыр жогорку кызматка шайланганда өлкө чыгышындагы куралдуу жаңжалга чекит коюуга убада кылган.

Германия жана Францция арачы түшүп, 2015-жылы Минскиде Украина менен Орусия ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. Бирок документ аткарылбай келет. Сөз болгон төрт мамлекеттин лидерлери былтыр декабарда Парижде тынчтык процессин жандантуу үчүн чогулгандан кийин Киев жана орусиячыл жикчилер туткундарды айырбаштаган.

Жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарда чек араларды кайтаруу, жергиликтүү шайлоо өткөрүү, орус аскерлерин жана техникасын чыгарып кетүү, жикчилерди куралсыздандыру өңдүү маселелер дагы чечилүүгө тийиш. Ал эми Москва "кошуна өлкөдө аскер бөлүктөрү жок" деп дооматтарды четке кагууда.

Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылы, Орусия Крым жарым аралын басып алгандан кийин тутанган. Уруш 13 миң 200дөй кшинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG