Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Батукаевдин бошотулушу боюнча шаардык соттун отуруму кийинки жумага калды


Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.
Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кароо экинчи инстанцияда – Бишкек шаардык сотунда 23-июлда болбой калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматкери Тилек Нуралиев билдирди.

Анын айтымында, процесстин жылып кетишине айрым айыпталуучулар жана адвокаттар ооруп калганы себеп болду. Келерки олтурум 28-июлга белгиленди.

Бул иш боюнча негизги айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев экинчи инстанцияга 23-июлда апелляция беришкенин билдирди. Ал буга чейин арыз берилгиче соттук кароонун датасы белгиленип калганына нааразы болгон.

23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынган. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болгон.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул айыптоолордун бардыгын саясий буюртма катары баалап келатат.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Буга байланыштуу Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалган. (AiB/ErN)

XS
SM
MD
LG