Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Президент: Бардык аймактарда комплекстүү ооруканалар курулат


Президент Сооронбай Жээнбековдун Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учуру. 23-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учуру. 23-июль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапарынын алкагында 23-июлда Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчы анда медициналык кызматкерлер менен жолугуп, дары-дармектерди жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн билдирди.

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», - деди Сооронбай Жээнбеков стационар менен таанышып жатып.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, шаардагы күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.

Жээнбеков андан соң Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.

Имарат беш блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Президент жергиликтүү бийликти, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин имаратты реконструкциялоо боюнча ишти ыкчам жүргүзүүгө чакырды. Өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды реконструкция кылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды. (ErN)

XS
SM
MD
LG