Кыргызстан эл аралык авиакаттамдарды регулярдуу негизде качан уланта баштары белгисиз. 23-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, бул маселени Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечет.
Министрдин айтымында, авиакаттамдар токтогондон бери чартердик, гуманитардык жана жүк ташуучу рейстер гана аткарылып жатат.
20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик рейс менен 18 миң жүргүнчү ташылды.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 23-июлга карата бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду. (RK)