Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Өкмөт Токтогул суу сактагычында суу аз чогуларын божомолдоп жатат


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Өкмөттүн божомолунда 2020-жылдын октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычында 14,9 млрд. куб метр суу топтолот. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд. куб метрге аз. Бул тууралуу кышка даярдануу боюнча жыйында белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков быйыл суунун аз топтолгонуна көңүл бурду. Ал күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы болушу үчүн Токтогул суу сактагычындагы сууну рационалдуу пайдалануу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо керек экенин белгиледи. Бирок өкмөт эмне себеп менен суу аз топтолгонун түшүндүргөн жок.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 млрд. куб метр, 2018-жылдын ушул мезгилинде – 19,2 млрд. куб метр, 2017-жылы 19,6 млрд. куб метр болгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG