Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Лукашенко чет элдик журналисттерди өлкөдөн чыгарууга чакырды


Александр Лукашенко. Гомель шаары. 21-июль, 2020-жыл
Александр Лукашенко. Гомель шаары. 21-июль, 2020-жыл

Беларус президенти Александр Лукашенко чет элдик маалымат каражаттарын жана алар таандык болгон мамлекеттердин расмий адамдарын сындап, элди “майданга чыгууга чакырган” журналисттерди өлкөдөн чыгарууга үндөдү. Бул тууралуу "БелТА" мамлекеттик агенттиги кабарлады.

23-июлда Минскидеги жыйында сүйлөп жатып президент аткаминерлерди өз ишин жакшы аткарып, элге болуп жаткан окуяларды жакшырак түшүндүрүүгө чакырды.

Лукашенко асыресе "Би-Би-Си", "Эркин Европа/Азаттык" радиосун жана Интернет сайттарды сындады жана журналисттерди "массалык башаламандыкка үндөп жатышат" деп айыптады.

“Шайлоо кампаниясынын аякташын күтпөй, алар мыйзамдарды урматтабаса, майданга чакырышса, өлкөдөн чыгарып жибергиле”, - деди беларус мамлекет башчысы.

9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында Беларуста Лукашенконун негизги оппозициялык атаандаштары жарыштан четтетилип, кээ бирлери камакка алынды. Нааразылык акцияларды чагылдырган журналисттерди да кармап кетишүүдө.

14-15-июль күндөрү кармалгандардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын кабарчылары да бар. Ал эми Антон Трофимович деген журналист сабалды.

Радионун президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар “түз эфирди жүргүзүп жаткан кесиптештербиздин полициянын чабуулуна туш болгону - бийлик элди ишеничтүү маалыматтардан ажыратууну көздөгөнүнөн күмөн жаратпайт” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG