Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Коронавирустан дагы 42 бейтап каза болду, 921 адам жаңы катталды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу 24-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда - тогуздан бейтап. Ысык-Көл жана Баткен облустарында төрттөн, Ош жана Талас облустарында үчтөн, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болду. Нарын облусунда каза болгондор катталган жок.

Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 921 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 247 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Азыркы тапта ооруканаларда 12 385 бейтап жатат.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып чыкты, 1 211и каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG