Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

COVID-19: Бир суткада 1247 бейтап үйүнө чыкты, ооруканаларда дагы 12 миңден ашуун адам жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 12 385 адам дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бейтаптардын эң көбү Бишкекте - 5 729 адам. Чүй облусунда 1641, Ош облусунда 1236, Жалал-Абад облусунда 972, Ысык-Көл облусунда 878, Ош шаарында 677, Баткен облусунда 622, Талас облусунда 323 жана Нарын облусунда 307 бейтап.

Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 921 адам жаңы катталып, ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 247 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG