Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басарынын автоунаасына жасалма номер тагылганы боюнча тергөө башталды


Ысык-Көл облус жетекчисинин орун басары Дамир Моңолдоровго тиешелүү, жасалма мамлекеттик номер тагылган автоунаа.
Ысык-Көл облус жетекчисинин орун басары Дамир Моңолдоровго тиешелүү, жасалма мамлекеттик номер тагылган автоунаа.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин биринчи орун басары Дамир Моңолдоровдун кызматтык автоунаасына башка автоунаага таандык мамлекеттик номер тагылып жүргөндүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Факт "Жоруктар жөнүндө кодекстин" 173-беренеси («Транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланууда.

Буга чейин интернет пайдалануучулар Дамир Моңолдоровго тиешелүү «Toyota» автоунаасынын 09 KG 002 AC мамлекеттик номери Carcheck сервисинде Mercedes-Benz S350 үлгүсүндөгү машинеге тиешелүү экенин таап чыгышкан. Бул номердеги машине «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында бир нече миң сом айыппулга жыгылганы да аталган сайтта көрүнүп турат.

20-июлда социалдык тармактын колдонуучулары облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев менен орун басары Дамир Моңолдоровго тиешелүү эки автоунаанын сүрөтүн жарыялашып, пандемия учурунда алар жол тандабастарды сатып алганы тууралуу жазышкан. Осмоналиев «Фейбсуктагы» баракчасы аркылуу билдирүү таратып, автоунаалар Ысык-Көл фондунун эсебинен эмес, 2018-жылы башка долбоордун алкагында сатылып алынганын жазган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров жасалма номерге байланыштуу коюлуп жаткан кинеге комментарий бере элек.(ErN)

XS
SM
MD
LG