Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Нур-Султан шаарынын жака белине блокпосттор коюлду


Нур-Султан шаарына кире бериштеги блокпост. Май, 2020-жыл.
Нур-Султан шаарына кире бериштеги блокпост. Май, 2020-жыл.

Казакстандын башкалаасы Нур-Султандын полициясы жума күнү шаардын чыга бериштеринде посттор орнотулганын билдирди. Полиция калкты эс алуучу жерлерге, эл көп топтолгон жайларга барбоого чакырып жатат.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Түркстан облусундагы Шорнак айылындагы жаңжал боюнча "чатакты козутуу, жалган маалымат таратуу фактылары” териштирилип жатканын айтты. Ал айылда негизинен этникалык өзбектер менен казактар жашайт.

Бийликтин маалыматына ылайык, 21-июлга караган түнү жергиликтүү тургундар ортосунда жашоо-тиричиликке байланышкан чыр чыгып, анын арты мушташка айланган.

Төрт киши, арасында полиция кызматкери жарадар болгон. Окуядан кийин Шорнакка кире бериште блокпост коюлган.

XS
SM
MD
LG