Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

"Айя Софияда" 86 жылдан бери биринчи жолу жума намаз окулат


"Айя София", Стамбул
"Айя София", Стамбул

Стамбулдагы тарыхый "Айя София" музейинде 86 жылдан бери биринчи жолу жума намаз окулат. Байыркы заманда православдардын кафедралдык собору болгон жайды бир нече күн мурун мечитке айлантуу чечими кабыл алынган.

24-июлдагы жума намазга президент Режеп Тайип Эрдоган баш болгон жетекчилер катышары кабарланды. Храм алдындагы Султан Ахмет аянтына миңдеген мусулман чогулары күтүлүп жатат. Санитардык эрежелерден улам ичине 500дөн көп киши кире албайт.

10-июлда Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган "Айя Софияны" музейге айлантуу чечимин жокко чыгарып, ал "Фатих Султан Мехмет хан" фондунун менчигине өткөрүлгөн. Эрдоган мечит туристтер үчүн ачык болорун айтып келатат.

Түркиянын бул чечими өлкө ичинде жана сыртында бир топ талаш-тартыш жаратты. АКШ, Греция, Орусиянын саясий жана диний жетекчилери ага каршы пикир билдиришти.

Тарыхый жай алтынчы кылымда византиялык император Юстиниандын буйругу менен чиркөө болуп курулган. Осмон империясы 1453-жылы Константинополь же азыркы Стамбулду ээлеп алгандан кийин ал мечитке айландырылган. 1934-жылы Түрк жумуриятынын түптөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругунун негизинде ал жерди музей болуп калган. Арадан 86 жыл өткөндөн кийин тарыхый имарат кайрадан мечитке айланды.

"Айя София" ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG