Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Укук коргоочу эл өз алдынча ачкан стационарларда таштанды коопсуздугу жок экенин айтып чыкты


Бишкектеги стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкө аймагында ыктыярчылардын демилгеси менен ачылган күндүзгү стационарлардын таштанды маселесин козгоду. «Азаттыкка» курган маегинде ал өзү жашаган Кырман конушунда 13-июлдан бери күндүзгү стационар ачып иштетип жатышканын, тогуз күндө беш жүздөй адам тейленгенин, таштанды маселесине байланыштуу айыл өкмөтүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ), өкмөттүк аппаратка кайрылып, жол-жобосу тууралуу так жооп ала албаганын айтып берди:

«Дарыгерлер коргоочу кийимин күнүгө алмаштырышат. Толтура ийне, система, флакон, бахила калат. Бир жолку шейшептерди күн сайын алмаштырып турушат. Ошентип бир күндө эле толтура таштанды топтолуп калууда. Ал жөнөкөй таштанды эмес, атайын утилизация болушу керек».

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Ошондон бери бул илдет 30 миңден ашуун адамга жукту, каза болгондордун саны миңден ашты. Адистер оору буюм-тайым аркылуу да жугарын айтып келишет.

«Азаттык» «Мейманкана, тойкана жана мечиттерде элдин демилеси менен ачылып жаткан стационарлардын эпидемиологиялык коопсуздугун ким көзөмөлдөйт?» деген суроого ӨКМден жана Саламаттык сактоо министрлигине жооп ала алган жок.

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова шаар аймагында расмий түрдө ачылган күндүзгү жана түнкү стационарлардын таштандысын жок кылуу маселеси коронавируска каршы штаб менен чогуу башынан эле чечилгенин, бул милдет ӨКМге жүктөлгөнүн, иш жөнгө салынганын, ал эми элдин демилгеси менен өз алдынча ачылган жайлар үчүн жооп бере албасын айтты. Стационар ачар алдында Саламаттык сактоо министрлиги жана Санэпидкөзөмөл мекемеси менен макулдашуу керектигин, алар «кооптуу зона», «таза зона» деп бөлүп, көрсөтүп берерин кошумчалады.

Июль айынын башында шаарда өпкөсүнөн кагынып ооругандар дароо көбөйүп, ооруканаларда орун калбай калгандыктан кошумча стационарлар ачыла баштаган. Азыр бул сыяктуу жайлар аймактарда да иштеп жатат. Элдин демилгеси менен ачылган стационарлардын саны канча экени белгисиз.

Стационарлардын таштанды маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG