Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Салык отчетторун тапшыруу мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт салык отчетторун тапшыруунун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узарткан чечим кабыл алды. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

23-июлда кол коюлган токтомго ылайык, салыктык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду октябрдын башына чейин берсе болот.

Мөөнөт аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучун азайтуу максатында жылды.

Адатта отчеттуулуктун мөөнөтү 31-июлга чейин болчу. Министрликтен ырасташкандай, 1-июлдан тартып салыктык маалыматты кечиктиргендерге чара көрүлбөйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG