Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Блогер Сыдыманов психиатриялык экспертизадан өткөрүлөт


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

Блогер Элмир Сыдымановго карата психиатриялык да экспертиза жүргүзүлмөй болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Али Магеев билдирди:

“Эксперттерден кошумча өтүнүч түшкөн экен. Алар экспертизага психиатр адисти да тартуу керек дешиптир. Ошентип психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзмөй болушту”.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. 2-июндагы отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алууну, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөздөрү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG