Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Араб мамлекеттеринен 142 мигрант Кыргызстанга кайтты


«Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай – Бишкек» каттамы менен келгендер. 24-июль, 2020-жыл.
«Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай – Бишкек» каттамы менен келгендер. 24-июль, 2020-жыл.

Бүгүн, 24-июлга «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай – Бишкек» каттамы менен Бириккен Араб Эмираттарынан 142 мигрант Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Жүргүнчүлөрдүн ичинде Сауд Арабиясынан, Иорданиядан, Пакистандан, Бахрейнден, Мальдивден, АКШдан, Сингапурдан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Камбоджадан «Emirates airlines» компаниясынын каттамдары менен Бишкекке келе жатып, Дубайда калып калган кыргызстандыктар да бар. Алардын баары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышкан, анализдери таза чыккан.

Министрлик «Дубай – Бишкек» каттамы менен 31-июлда дагы бир чартердик каттам учуп келерин коомчулукка кабарлады.

ТИМдин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр.

Саламаттык сактоо министрлигинин 26-июнда кабыл алынган чечимине ылайык, чет жактан кайтып келгендер мурдагыдай жапырт обсервацияга киргизилбейт, оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG