Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Хабаровск шаарынын жаңы жетекчиси чет жактагы күчтөрдү айыптады


Хабаровск шаары. 21-июль, 2020-жыл.
Хабаровск шаары. 21-июль, 2020-жыл.

Орусиянын Хабаровск крайынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Михаил Дегтярев нааразылык акцияларын уюштурууга "чет элдик жарандар аралашкан" деп билдирди.

Аймактын башчысы анын колунда «тартип коргоо органдарынан алынган фактылар бар экенин» айтты. Ошол эле маалда «оперативдүү маалыматтардын» чоо-жайын айтып бере албасын кошумчалады.

Акцияларды «чет жактардагы айрым күчтөр» уюштуруп, аларга катардагы жергиликтүү тургундар катышпаганын федералдык маалымат каражаттары көп жазышууда.

Хабаровскиде мурдагы губернатор Сергей Фургалдын тарапкерлери эки жумадан бери анын камакка алынышына каршы демонстрацияларды өткөрүп келатышат. Алар Фургалга козголгон кылмыш ишинин артында саясат турганын айтып жатышат. Акцияларда президент Владимир Путиндин кызматтан кетишин талап кылган ураандар да айтылды.

Алдыдагы дем алыштарга кезектеги нааразылык акциясы өтөрү буга чейин маалымдалган.

XS
SM
MD
LG