Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Болгариянын өкмөт башчысы карантинге чыкты


Бойко Борисов
Бойко Борисов

Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов анын администрация жетекчиси коронавирус жугузуп алганы белгилүү болгондон кийин карантинге алынды. Борисовдун басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна маалымдагандай, премьердин эки тести жана администрация башчысынын экинчи тести таза болуп чыкты. Эми үчүнчү анализдин жыйынтыгын күтүү зарыл.

Карантинден улам өкмөт башчы жума күнү анын жаңы кабинети боюнча парламенттеги талкууга жана добуш берүүгө катышпай калды.

Премьердин кеңсеси жайгашкан имарат 22-июлда дезинфекцияланды.

XS
SM
MD
LG