Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Кытайдан сатып алган дарылар Бишкекке жеткирилди

Кытайдан сатылып алынган дары-дармектер.
Кытайдан сатылып алынган дары-дармектер.

Кытайдан COVID-19 илдетин дарылоого керектүү дары-дармектер Кыргызстанга жеткирилди. Саламаттык сактоо министрлиги 24-июлда тараткан маалымат боюнча, анда коронавирусту дарылоого колдонулган антикоагулянттар эноксапарин (42 930 даана), нандропарин (33 000 даана) препараттары бар.

Бюджеттин эсебинен сатылып алынган дарылар Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин кампасына жөнөтүлдү. Ал Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 вирусуна чалдыккандар дарыланып жаткан медициналык мекемелерге бөлүштүрүлүп берилет.

Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустук инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышарын билдирди. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG