Ош облусунун Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Журавой Акимжанов 24-июлда коронавирустан каза болду.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган аймактык оорукананын башчысы Усманжан Мамажанов билдирди.
Журавой Акимжанов 1953-жылы 18-августта Араван районунун Араван айылында төрөлгөн. Орто мектепти 1970-жылы бүтүрүп Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырган. 1976-жылы балдар хирургу адистигин алган.
Эмгек жолун 1977-жылы Бишкек шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасында балдар хирургу болуп баштаган. Кийин Ош шаардык ооруканасында дарыгер-реаниматолог болуп иштеген.
1980-жылдан тартып Араван райондук аймактык ооруканасында иштеп, 2000-жылдан бери аталган аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келаткан.
«Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисин, бир катар ардак грамоталарды алган.
Журавой Акимжановдун артында жубайы, үч баласы калды.
Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова 22-июлда «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде COVID-19 илдетинен 29 медициналык кызматкер өлгөнүн айткан. Журналисттердин эсептөөсүндө, жалпысынан каза болгон медиктердин саны 50дөн ашты. (BTo)