Бул тууралуу «РИА-Новости» кабар агенттиги маалымат таратты. Анда Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 1-августтан баштап айрым орусиялык авиакомпаниялар бир жумада бир канча жолу Түркияга учарын кабарлаган.
Ошондой эле түркиялык авиакомпаниялар да Москва жана Санкт-Петербург каттамдары боюнча учак билеттерин сата баштаганын билдиришти. 1-августта Анкара жана Стамбул аэропортторуна учак каттамдары ачылса, 10-августтан баштап Анталия, Бодрум жана Даламан сыяктуу туристтик аймактагы аэропорттор орусиялык туристтерди кабыл ала баштайт.
Түркия менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдар коронавирус пандемиясынан улам 28-мартта токтотулган. Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин статистикасы боюнча 2019-жылы өлкөгө 52 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келген. Алардын 7 миллионго жакыны орусиялык туристтер болгон. Алар негизинен жай айларында Түркиянын Анталия, Бодрум жана Мугла туристтик аймактарына келип эс алышат. (ElB)