Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков дүйнөдөн кайтты


Качкынбай Бообеков.
Качкынбай Бообеков.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, өлкөгө эмгек сиңирген юрист Качкынбай Бообеков узакка созулган оорудан улам 25-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Качкынбай Бообеков 1937-жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында төрөлгөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. 

1991-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Качкынбай Бообеков Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки Жогорку соттун алгачкы төрагасы болуп эсептелет.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2002-2007-жылдары Жогорку соттун судьясы болгон. 

 

XS
SM
MD
LG